Талас шаарынын тургуну: "Казакстандан цемент келбей, ага болгон баа өстү"

Аскат Бегалиев Талас шаарынын тургуну. Ал аталган шаардагы борбордук базарда 4-5 жылдан бери цемент сатат. Анын айтымында, Кыргыз-Казак чек арасынан өтүү оорлогондон бери Казакстандан цемент келбей калган.

"Биз Казакстандан келген цементти 230дан сатчубуз. Бир жумадан бери ал жактан келбей, Канттан келген цементтин баасы 30 сомго кымбаттады. Чек арадагы абал бир гана цементке эле эмес, бардык товарлардын баасына таасирин тийгизип жатат. Анткени азык-түлүк жана башка товарлардын баарын Казакстандан алып келебиз. Азыркы тапта чек арадан унаалар менен адамдар өтүп жатканы менен, товарды өткөрбөй да, киргизбей да жатат", - деди Бегалиев.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
abusait
2017-10-18 10:14:52
Улуу урматтуу президентбиздин кылган "жакшылыгы".
+5
Yktyjar
2017-10-18 10:15:24
Атамбайга Рахмат чоон рахмат
+3
engel
2017-10-18 11:30:23
Цемент эч нерсе эмес ун менен комур келсе болот эле кышта куурайбыз го
+1
cfif03748
2017-10-18 18:25:38
Ай ушу чиновниктер.бириси дердендесе бириси кекетип.
0
Paolo
2017-10-19 04:06:49
Мына тилим бар деп эле суйлой бергендин аягы иши кылып мамилени жакшыртып элде проблема болбогондой кылгыла да
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан