Биз социалдык тармакта

Бишкекте эне-балага орой мамиле жасаган эки жаран кармалды (видео)

Бишкекте көчөдө аялга жана анын баласына орой мамиле жасаган эки жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 28-ноябрда шаардык милиция билдирди.

Маалыматка ылайык, окуя тартылган видео 25-ноябрда социалдык тармактарга жүргүзүлгөн мониторинг учурунда аныкталды. Алардын видеодогу жүрүм-турумуна караганда, мас абалында болушу мүмкүн экендиги байкалды.

Бул факты Биринчи Май райондук ички иштер башкармалыгында катталып, текшерүү иштери башталды. Ыкчам издөө иш-чараларынын натыйжасында 1996-жылы туулган А.У. жана 1995-жылы туулган Б.Б. аттуу жарандар аныкталып, милицияга жеткирилди.

Аларга карата Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 126-беренеси (Майда бейбаштык) боюнча укук бузуу жөнүндө протоколдор түзүлүп, кармалды.

"Тиешелүү материалдар мыйзамда белгиленген тартипте кароо жана чечим кабыл алуу үчүн райондук сотко жөнөтүлөт", - деп айтылат маалыматта.

Бишкекте эне-балага орой мамиле жасаган эки жаран кармалды (видео)
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан