Бүгүн, 24-октябрда парламенттин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук комитети Казакстандан бериле турган 100 миллион долларлык жардамдан баш тартуу сунушун колдоду. Бул тууралуу SUPER.KG порталына вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиев билдирди.
Маселе комитетте жабык эшик артында каралды. Зилалиевдин айтымында, бул жардамды алуу жөнүндө макулдашууга 10 жыл болгон. "Бул маселенин тарыхы өтө узак. 10 жылдан бери сүйлөшүү болуп биринчи келишимдер 10 жыл мурда түзүлгөн. Келишимге акыркы жолу 2016-жылы кол коюлган. Бул маселе дагы деле чечиле элек. Калыптары өзгөргөн ЕАЭБ алкагында техникалык жардам катары дагы келишимге кол коюлган. Бирок, тилекке каршы, ар кандай себептер менен бул каражат келген жок. Акыркы Кыргыз-Казак чек арасында абал чыгып кеткенде Казакстандын кээ бир саясатчы, аткаминерлери бизге бербеген жардамды жок кылышты. Бул жардам техникалык, акчалай деп жазылган. Бирок 10 жылдан бери берилбеген жардам эми деле берилбейт", - деди Зилалиев.
Эске салсак, аталган жардамдан баш тартуу сунушу кечээ, 23-октябрда Бюджет жана финансы комитетинде дагы жактырылган.