Кыргызстанда 2013-жылдын 4 айында 46 өспүрүм өз жанын кыюуга барган
"Кыргызстанда 2013-жылдын 4 айында 46 өспүрүм өз жанын өзү кыюуга барган",- деп билдирди 29-майда "Парламент" радиосундагы түз байланыш учурунда ЖКнын депутаты Ыргал Кадыралиева. Депутаттын айтымында, балдарга жетиштүү тарбия берүү учурдун эң орчундуу маселелеринин бири болуп турат. "Ошондуктан балдардын келечеги үчүн атайын мамлекеттик стратегия иштеп чыгуу - учурдун талабы. Буга байланыштуу ЖКнын
Социалдык саясат боюнча комитети атайын комиссия түзүү чечимин кабыл
алды. Анын курамында өкмөт өкүлдөрү да бар. Ал комиссия балдардын
укуктарын коргоо боюнча иш алып барып жаткан өкмөттүк эмес уюмдардын
маалыматтарына гана таянбастан, алардын балдар арасындагы кылмыштуулуктун алдын алуу багытындагы аткарып жаткан иштеринен дагы кабар алат",- дейт Кадыралиева.