“Мен Азиз Батукаевди түрмөдөн бошоткула деген эмесмин, аны которууну гана сурангам”,- деди бүгүн, 30-майдагы парламент жыйынында акыйкатчы Турсунбек Акун. Ошондой эле акыйкатчы бул иште белгилүү бир өлчөмдө күнөөсү бар экенин моюнга алды. “Жалпы кыргыз коомчулугунан кечирим сурайм. Менин да кемчилигим бар, ал кемчилигим - эмоцияга алдырып сүйлөп алмайым. Мен журналисттерге, "Батукаев бир нече күндөн кийин өлөт" деген чечим чыгарылгандыгын айтып алдым, комментарий бергендин балекетин аламбы?”- деди акыйкатчы.
Айта кетсек, ЖКнын бүгүнкү жыйынында "мыйзамдагы ууру" Азиз Батукаевдин мөөнөтүнөн мурда абактан бошотулуп, өлкөдөн чыгып кетишин иликтеген депутаттык комиссиянын иш жыйынтыгы каралууда. Жыйынга аталган окуяга жоопкер мамлекеттик мекемелердин жетекчилери катышып жатат.