30-майда Бишкек шаарындагы Ленин райондук администрациясынын алдында жаш саясатчы Мавлян Аскарбеков уюштурган тынчтык митинги өтүүдө. Маалыматка ылайык, шаардын ар кайсы аймактарында жашаган тургундар жерлердин мыйзамсыз сатылып жатканына каршы чогулушту. Ак-Өргөө жаңы конушунун тургундарынын айтымында, аталган конушта бала бакча курула турган жерге мыйзамсыз түрдө жеке турак жай курулуп калды. Алар “бул маселе боюнча мэрияга жана башка тийиштүү органдарга кайрылганбыз, бирок эч кандай жооп боло элек” дешүүдө. Учурда нааразычылык акциясы уланууда.