"Эки күн мурун Бишкек ШИИББине нааразычылык акция уюштура турганыбызды айтып, кайрылганбыз. Андан кийин эле бизди ар кандай коркутуулар башталды, милиция кызматкерлери, бандиттер телефон чалып, "митинг өткөрбөгүлө" деп коркутушту. Биз саясий багытта эмес, социалдык маселелерди чагылдырууну көздөп жатабыз, анткени карапайым элдин кайрылуусуна мэрия, депутаттары, сот жана башкалар жооп бербей жатат”,- дейт жаш саясатчы Мавлян Аскарбеков. Бишкекте жерлердин мыйзамсыз сатылышына каршы тынчтык митинги өтүп жатат. Учурда шаар башчысы Иса Өмүркулов чогулгандардын суроолоруна жооп берүүдө.