Бишкекте жерлердин мыйзамсыз сатылышына каршы митинг өтүп жатат. Жаш саясатчы Мавлян Аскарбеков шаар тургундарынын дооматын айтып жаткан учурда мэр Иса Өмүркулов токтотуп, аны сотко бере турганын айтты. Нааразычылык акциясынын катышуучулары менен шаардык мэриянын жана Ленин райондук администрациясынын кызматкерлеринин ортосунда ызы-чуу жаралды. Учурда жагдай татаалдашууда. Айта кетсек, бул митингге бир катар жаңы конуштардын тургундары катышууда.