Баткен шаарынын жаш таланттары 1-июнь күнү ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга майрамдык маанай тартуулашат

1-июнь - Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө карата Баткен шаарынын жаш таланттары шаардагы  “Нур”

балдар үйүнүн тарбиялануучуларына оюн-зоок, концерттик кече тартуулашат. Аталган балдар үйүндө ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген 23 бала тарбияланат. Майрамдык кечеде “Арууке” бийчилер тобунун өнөрлөрү жана “Ачка балдар” КВН командасынын тамашалары балдарга белек катары сунулат. Уюштуруучулардын айтымында, мындай иш-чара Баткен шаарында алгачкы жолу болуп жатат, концерттин аягында балдарга белектер да таратылат. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан