30-майдагы парламент жыйынында депутат Феликс Кулов: “Батукаевдин абактан мөөнөтүнөн мурда бошотулушу жана анын өлкөдөн чыгып кетиши боюнча ИИМ, ЖАМК, Саламаттыкты сактоо министрлиги, Башкы прокуратура жана вице-премьер-министр Шамиль Атаханов сүйлөшүп алган” деген депутаттык комиссиянын чечими менен макул эмесмин”,- деп билдирди. Ошондой эле ал акыйкатчы Турсунбек Акундун бул ишке катыштыгы бар экендигин айтты. “Кандай актанса дагы, акыйкатчынын Батукаевге 16 жолу баргандыгы белгилүү болгон. Аны кызматынан алуу тууралуу чечимге макулмун. Ал эми бул маселе мыйзам чегинде каралышы керек. Өкмөт бул ишти аягына чыгарууга аракет кылып, Башкы прокуратура бул ишке тиешеси бар кишилерге кылмыш ишин козгош керек”,- деп кошумчалады Кулов.