Бүгүн, 30-октябрда Өкмөт үйүндө премьер-министр Сапар Исаковдун төрагалыгынын астында өкмөт жыйыны өтөт.
Маалым болгондой, жыйында 3 маселе каралат. Экономика министри Артём Новиков 2017-жылдын январь-сентябрь айлар аралыгындагы социалдык-экономикалык өнүгүүнүн жыйынтыгы тууралуу маалымат берет.
Каржы министри Адылбек Касымалиев "2017-жылга республикалык бюджети жана 2018-2019-жылдарга болжолу жөнүндө" мыйзамына өзгөртүүлөр боюнча мыйзам долбоору менен тааныштырат.
Ошондой эле Кыргыз-Казак мамлекеттик чек арасында ветеринардык көзөмөлдү алуу боюнча жумуш кандай аткарылып жатканы жөнүндө Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча инспекциянын башчысы Калысбек Жумаканов баяндайт.