Кыргыз-Казак чек арасындагы “Акжол" көзөмөл өткөрүү пунктунан башка адамдын паспорту менен өтүп бара жаткан Кыргыз жараны кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 19-октябрда Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын коомчулук жана ЖМКлар менен байланыш бөлүмүнөн билдиришти.
Маалыматка ылайык, 18-октябрда “Акжол" өткөрүү пунктунан 19 жаштагы жаран башка адамдын паспорту менен өтүүгө аракет кылган учурда кармалган. Ал чек ара кызматкерлерине өзүнүн паспортун жоготуп алганын, ал эми аталган паспорт анын бир тууганына таандык экенин айткан. Кийин башка адамдын паспорту менен өтүүгө аракет кылган жаран Ички иштер министрлигинин кызматкерлерине өткөрүлүп берилген.