"Азиз Батукаевдин түрмөдөн мөөнөтүнөн эрте бошотулушу жана өлкөдөн чыгып кетишине күнөөлүү" деп көрсөткөн аткаминерлерди кызматтан бошотуп, 8,5 жыл мамлекеттик кызматка жолотпоо керек". Бул сунушту 30-майдагы парламент жыйынында депутат Исмаил Исаков билдирди. Айтымында, алар Батукаевдин абакта өтөлбөй калган мөөнөтүн моюндарына алышы керек. “Батукаев бийликти тебелеп, прокурордун, соттун, акыйкатчынын көмөгү астында, болгондо да эскорт менен аэропортко келип, президенттей учуп кетти. Буга сөзсүз бирөө башчылык кылып турган. Бийликте отургандар ким? Ал - биз. Эл шайлаган депутаттар, президент жана биз шайлаган өкмөт жана прокурор. Күнөө кимде? Бизде. Булар бирөөнүн буйругун аткарган, алар эртеңби, бүрсүгүнүбү жазасын алышат. Биз түзгөн коалиция тарашы керек. Өмүрбек Чиркешович, сиздин жана биздин урааныбыз кылмышкерлерди жок кылуу болчу, алар бизди тебелеп тепсеп бизди жеңди. Ошондуктан жаңы өкмөттү, жаңы сотту, прокурорду шайлаганда гана баштаган ишибиздин аягына чыгышыбыз мүмкүн”,- деди эл өкүлү.