"Мыйзамдагы ууру" Азиз Батукаевдин абактан мөөнөтүнөн мурда бошоп, өлкөдөн чыгып кетишин иликтеген депутаттык комиссиянын кээ бир мүчөлөрү комиссиянын чечимине кол койбой жатат деген маалыматтар жалган". Бул маалыматты 30-майдагы ЖКнын жыйынында аталган комиссиянын мүчөсү, депутат Дамира Ниязалиева айтты. Айтымында, комиссиянын ынтымагын ыдыратабыз деген кээ бир депутаттар гезиттерге, сайттарга ушундай маалыматтарды таратышкан. “Бизди “кол койбой жатат” деп жалган сөздөрдү чыгарышты, бул эмне деген абийирсиздик?! Комиссия бирдиктүү чечимди 28-майда саат 18:00дө колубузга алды. Чечим жок токтомго кантип кол коёт элек? Айтып коёюн, бизди "акча алып, кол койбой койду" деген сөздөр ушак, жеткен абийирсиздик”,- деди эл өкүлү.