27-майда “Кумтөр” ишканасы аймактагы элдин ден соолугуна терс таасирин тийгизүүдө. Ошондуктан аймакка оорукана салып берсин” деген сыяктуу 13 талап менен Ысык-Көл облусунун Саруу айылынын жашоочулары митингге чыгышкан. Митинг бүгүнкү күнгө чейин уланууда. Учурда митингчилер “Кумтөр” кен ишканасын көздөй жөнөп жатканы кабарланды. Чогулган 500дөй жаран "биз ал жерге чатыр тигип алып, талаптарыбыздын аткарылышын күтөбүз. “Кумтөр” ишине жолтоо болуп тартип бузбайбыз” дешүүдө.