"Эгерде бүгүн парламенттеги көпчүлүк коалиция Азиз Батукаев боюнча маселеге принципиалдуу маани бере албасак, күнөөкөрлөрдү таба албасак, саясий баа бере албасак, анда таркап кетишибиз керек". Бул тууралуу 30-майдагы парламент жыйынында депутат Өмүрбек Текебаев билдирди. Айтымында, өкмөттүн ишине премьер-министр жооп берет. "Ушундай чаң-тополоң чыгып жатса, өкмөт башчы жамбаштап жатат, "менин бул ишке тиешем жок" деп. Аябай тиешеси бар, өлкөдө болуп жаткан иштерге биринчи премьер-министр жооп берет",- деди Текебаев.