Поезд менен Орусиядан Кыргызстанга келе жаткан 2 мекендешибиз “Соль-Илецк” темир жол бекетинен өтө албай калды

30-май күнү Орусиянын Оренбург шаарынан Кыргызстанга келе жаткан 2 мекендешибиз “Соль-Илецк” темир жол бекетинен поездден түшүрүлдү. Бул тууралуу “Замандаш” ассоциациясынын басма сөз кызматы билдирет. Айтылгандай, Ош облусунун Өзгөн районунун тургуну 1990-жылы туулган Зулайка Иминжанова менен анын 2012-жылы туулган кызы аталган темир жол бекетинен өтө албай артка кайтарылды. Мунун себеби, анын 1 жаштагы кызынын тиешелүү документи болгон эмес. “Учурда мекендештерибиз биздин көзөмөлүбүздө. Тиешелүү документтер Кыргызстандын Орусиядагы элчилигине жөнөтүлдү. Жакын арада мекендештер өз жерине жете алышат”,- деди Соль-Илецк шаарындагы “Замандаш” ассоциациясынын юристи У.Жамгырчиев. Айта кетсек, 2013-жылдын башынан бери мындай 8 факты катталды. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан