Жантөрө Сатыбалдиев кыргызстандыктарды 1-июнь - Балдарды коргоонун эл аралык күнү менен куттуктады

Премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев бүгүн, 30-майда 1-июнь - Балдарды коргоонун эл аралык күнү менен кыргызстандыктарды куттуктады. Куттуктоонун тексти төмөндөгүдөй:

"Кымбаттуу балдар! Урматтуу ата-энелер!

Сиздерди Балдарды коргоонун эл аралык күнү менен куттуктайм!

Бул майрам балдардын кызыкчылыктарын жана укуктарын коргоо, алардын ден соолугун сактоо, окутуп билим берүү жана тарбиялоо жөнүндө көйгөйлөрдү чечүү үчүн бүткүл адамзатын бириктирет. Ар бир баланы коргоо жана камкордукка алуу, үй-бүлөдө жашап жана үй-бүлөлүк камкордукка алынышы - коомдун бүгүнкү күндөгү негизги милдеттеринин бири. Балдарыбыз эч качан жалгыз калбашы жана бактысызмын деп санабашы керек.  

 

Коом ар бир баланын өсүп-өнүгүшү үчүн шарттарды түзүүгө милдеттүү. Балдарды коргоонун эл аралык күнү да бизге – чоңдорго жаш муундардын дени сак, көңүлдөрү ачык, бейпил жашоодо жашашы үчүн күч-аракетибизди аябай, күн сайын көңүлдүн сыртында калтырбай иштешибиз керек экенин эскертип жатат. Бул күндө мен ата-энелерге өзгөчө кайрылгым келет. Ата-энелер – биз баланын эч кимге алмаштыргыс эң жакын адамы экенибизди унутпайлык. Ата-эненин камкордугу, калкалоосу, көңүл буруп, туура багып, туура тарбиялап өстүрө билиши гана балдарыбыздын бактылуу келечегин камсыз кылат.

 

Кымбаттуу балдар!

Силер – Кыргызстандын балдары – өлкөбүздүн жарандары!

Силерди жана силердин ата-энеңерди, силерди, жөлөгүм-таягым болот деп жалбарып үмүтүн артып жүргөн чоң ата чоң энелериңерди бүгүнкү жаркын майрамыңар менен куттуктайм! Силерге чың ден соолук, тынчтык, алдыдагы турмуштук жолуңарда чоң-чоң ийгиликтерди каалайм. Силер менен биздин түпкү максатыбыз бир – биз өз мамлекетибизде татыктуу жашоого жетишибиз керек!"

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан