Быйыл өлкө боюнча мектепти 66 миң бүтүрүүчү аяктайт
Быйыл
республика боюнча 11-классты 66 миң окуучу аяктайт. Бул тууралуу билим берүү жана илим
министринин орун басары Догдуркүл Кендирбаева бүгүн, 30-майда маалымат жыйында билдирди. Ошондой эле ал 9-классты
93 миң окуучу аяктап жаткандыгын кошумчалады. Айтымында, быйыл бардыгы
болуп 1244 окуучу артыкчылык аттестатын алууга көрсөтүлүп, 209 окуучу атайын сынактын негизинде артыкчылык аттестатына татыктуу экендигин көрсөтүшкөн.