"Супер-Инфо" гезитинин Ысык-Көл облусундагы өкүлчүлүгү 1-июнь - Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө карата акция өткөрдү

Бүгүн, 30-майда "Супер-Инфо" гезитинин Ысык-Көл облусундагы өкүлчүлүгү 1-июнь - Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө карата "Бактылуу балалык" аттуу акция өткөрдү. Иш-чара облустун ар кайсы райондорунан келген жаш өспүрүмдөргө жана облустук "Ирада" балдар үйүнүн тарбиялануучуларына бекер балмуздак таратуу менен башталып, жергиликтүү ырчылар жаш окурмандарга майрамдык ыр белек тартуулашты. Ошондой эле "Супер-Инфо" гезити тарабынан жеткинчектерге атайын оюн-зоок уюштурулуп, жеңүүчүлөр мыкты белек-бечкектерге ээ болушту.Иш-чара саат 12:00дө башталып 15:00гө чейин уланып, балдардын ата-энелери мындай иш-чаралар көп өтүп турса деген тилектерин билдиришип, гезит жамаатына ыраазычылык айтышты. Майрамдык иш-чарага 350дөй бала катышып, бактылуу балалыктын даамын сезишти.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан