Бүгүн, 30-майда "Брайль тамгасы боюнча сабаттуулук" долбоорунун катышуучулары Жогорку Кеңешке экскурсияга келишти, алардын көбүнүн көзү азиз. Төрага Асылбек Жээнбеков алардын окууларына жана иштерине ийгиликтерди каалады. Экскурсияга келгендердин азиз экендиктери эске алынып, парламенттин аппаратынын кызматкерлери жыйындар залы тууралуу жана депутаттардын иши боюнча толук маалымат беришти. "Брайль тамгасы боюнча сабаттуулук" долбоорунун жетекчиси, тифлопедагог адис (азиздер менен иштөөчү адис) Эльнура Эмилканова долбоордун негизги милдеттеринин бири көзү азиздерди көз карандысыз болууга үйрөтүү экендигин айтып берди. “Бул үчүн биз көзү начар көргөндөр менен көзү азиздерге таякты колдонууга, өз алдынча басып жүрүүгө, тамаш-аш даярдоого, ар кандай иш-аракеттерди жасоого үйрөтөбүз”,- деди ал.
Депутаттардын сөздөрүнө, билдирүүлөрүнө дыкат көңүл бурган көзү азиздер үчүн атайын китепкананын жетекчиси Жумабай Исмаилов балдардын Жогорку Кеңешке болгон мындай экскурсиялары өтө маанилүү экенин билдирди. “Албетте, мүмкүнчүлүгүбүз чектелгендигине байланыштуу залды, эл өкүлдөрүн көрө алган жокпуз, бирок парламенттин имаратында болуунун өзү эле анын атмосферасын сезүүгө, депутаттардын кандай иштеп жаткандыгы боюнча толук таанышууга мүмкүнчүлүк түзөт”,- деп белгиледи ал.