Ошто 77 жаштагы пенсионер небереси менен соттошууда
Ош облусунда 77 жаштагы
пенсионер өзүнүн небереси менен соттошууда. Маалыматка ылайык, пенсионер Турсунхан
Розиева 2008-жылы өз үйүн Едгор аттуу небересине өткөрүп берген. Ал үйдү өткөрүп
берип жатып жакшы камкордук кылуу жана үйдү жакшы абалда сактоо шартын койгон. Азыркы
тапта ден соолугу начарлап, камкордукка муктаж болуп турганда келишимдин
шарттары аткарылбай жатканын айтат арыз ээси. Себеби үйдү өзүнө өткөрүп алган небереси Орусияга
иштегени кеткен. Мындан улам аны учурда кызы Зулхумар карап жатат. Шарты
аткарылбаган пенсионер небересине берген үйдү кайра алуу үчүн сотко арыз менен
кайрылган.