Парламенттин 30-майдагы жыйынында “мыйзамдагы ууру” Азиз Батукаевдин абактан мөөнөтүнөн мурда бошотулушун жана өлкөдөн чыгып кетишин иликтеген депутаттык комиссиянын иш жыйынтыгы боюнча Жогорку Кеңештин токтому кабыл алынды. Жыйында вице-премьер-министр Шамиль Атаханов өкмөттүн мүчөлөрүнө да сөз берүүнү суранды. Бирок бул сунушка көпчүлүк депутаттар каршы чыгышты. Депутат Өмүрбек Текебаев: “Талкууладык, суроо бердик, каалашынча актанышты. Токтомду кабыл алдык, болду да. Акыркы сөздү сотто сүйлөйсүңөр”,- деди. Жыйынтыгында башкы прокурор Аида Саляновага сөз берилип, ал депутаттар өкмөт мүчөлөрүнө сый мамиле кылбагандыгын билдирди. “Кээ бири биздин балдарыбызга чейин асылып, каргаганга чейин барышты. Өкмөт мүчөлөрүнө ушундай мамиле болуп жатканда алардын микрофондорун өчүртүп койсоңуз болмок. Депутат Жоомарт Сапарбаев бизди "уюшкан саясий топ" деп айтып жатты, ал менен мен макул эмесмин. Депутаттарды коргогондой эле бизди дагы коргоп койсоңуз болмок”,- деп төрага Асылбек Жээнбековго кайрылды башкы прокурор.