Алмазбек Атамбаев “Уюшкан кылмыштуулукка каршы аракет жөнүндө” мыйзамга кол койду

Бүгүн, 30-майда президент Алмазбек Атамбаев “Уюшкан кылмыштуулукка каршы аракет жөнүндө” мыйзамга кол койду. Мыйзам ушул жылдын 18-апрелинде Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган. Ал уюшкан кылмыштуулукка каршы натыйжалуу аракеттенүүнү камсыз кылууга багытталган. Жаңы мыйзамдын милдеттери төмөндөгүдөй:

1. Уюшкан кылмыштуулуктан жеке адамдардын жана юридикалык жактардын укуктарын жана эркиндиктерин, коомдун жана мамлекеттин коопсуздугун коргоо; 

2. Уюшкан кылмыштуулуктун алдын алуу жана токтотуу; 

3. Уюшкан кылмыштуулукка каршы аракеттердин укуктук жана уюштуруучулук негиздерин түзүү; 

4. Уюшкан кылмыштуулукка өбөлгө болгон себептерди жана шарттарды четтетүү; 

5. Уюшкан кылмыштуу топко, кылмыштуу шериктикке (кылмыштуу уюмга), куралдуу топко (бандага) тиешеси бар адамдарды аныктоо жана кылмыштуу ишин токтотуу.  

 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан