"Кумтөр" ишканасы жарыксыз калды

Ысык-Көл облусундагы митингчилер бүгүн, 30-май күнү кечинде Тамга айылындагы ири электр подстанциясына бастырып киришип, "Кумтөргө" берилчү электр энергиясын үзгүлтүккө учуратышты. Аймактык кабарчыбыз маалымдагандай, митингчилер түшүндүрүү иштерин жүргүзүүгө аракет кылган айрым Жогорку Кеңештин депутаттарынын, аталган подстанциянын жетекчилеринин сөзүн угушкан жок. Ал эми Энергетика жана өнөр жай министри Осмонбек Артыкбаев мунун кесепетинен өлкө олуттуу жоготууларга учурай турганын баса белгиледи. Министр билдиргендей, бул көрүнүш эң туура эмес кадам болду. Бир гана "Кумтөрдө" эмес, Жети-Өгүз районундагы айрым айылдарда электр жарыгы үзгүлтүккө учурайт. Эми митингчилер эмоцияга алдырбай, абалды тынчтык жолу менен чечүүгө макул болуусу учурдун абалы. "Жарыксыз калган "Кумөрдүн" экологияга да олуттуу зыяны тиет",- деп да кошумчалады Артыкбаев.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан