Чек ара кызматы: "Кыргыз-Казак чек арасында кезек күткөн 65 унаа калды"

Кыргыз-Казак чек арасында кезек күткөндөрдүн саны азайды. Бул тууралуу SUPER.KG'ге Мамлекеттик чек ара кызматынын коомчулук менен байланышуу бөлүмүнөн 6-ноябрда кабарлашты. Бөлүмдүн кызматкери Салкын Абдыкарыеванын билдиришинче, 3 күн мурун "Ак-Тилек" өткөрмө пунктунда 300гө жакын оор жүк ташуучу унаа кезек күтүп турган болсо, учурда анын 65и гана калды.

"3 күндөн бери чек арадагы өткөрмө пункттарында элдин, унаалардын саны азайды. "Ак-Жол" пунктунда турган элдин саны 30га, жеңил унаалардын саны 10-15ке жетет. "Ак-Тилек" пунктунда оор жүк ташуучу унааларды бүгүн эртең менен санаганыбызда 65 унаа турган. Таластагы " Чоң-Капка" пунктунда жеңил жана оор жүк ташуучу унаалардын саны 60, "Чалдыбар" пунктунда элдин жана унаанын тыгыны жок", - деди Абдыкарыева.

Кыргыз-Казак чек арасындагы тоскоолдуктар 10-октябрда жаралып, ошол күндөн бери бир канча оор жүк ташуучу унаалар жүк алып өтө албай кезекте турган. Өкмөт башчы Сапар Исаков 18-октябрда Астанага барып эки тараптуу сүйлөшүү жүргүзгөндөн кийин жүргүнчүлөргө жол ачылып, бирок жүк алып өтүү маселеси чечилген эмес. Кечээ Ереван шаарында Евразия өкмөттөр аралык кеңештин алкагында маселени чечүү үчүн иштелип чыккан жол картага кол коюлмак. Бирок Казакстандын өкмөт башчысы Бакытжан Сагинтаев кол коюудан баш тартып койгон.


Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
toolos1982
2017-11-06 14:46:51
Эң жакшы кабар.
+1
Eksvp_1
2017-11-06 15:04:09
Сапар Исаков ишке жарады
-3
baha1985
2017-11-06 15:12:19
Eksvp_1,эмне кылып жарады чек ара жабык деп нар жактан камаздар келбей калды ошого азайып кетти
+4
Umetalievna
2017-11-06 16:10:44
baha1985,туура айтасын. Камаздар келбей калган учун гана азайды
+3
dina
2017-11-06 17:12:49
Булар санасале азайып кетет биз отуп баратканда жыйылып эле турат))
+4
ZHYRGAl1412
2017-11-06 17:18:01
Ишкерлер ишин азырынча токтотту ошон учун азайды элди алдабай эле койсонор болот 65 эле калды деп
+3
mederkg
2017-11-06 23:54:15
Булар элди маскарлап атышабы 65 калды деп.жөн эле санап отурбастан түстөрүн кошо айтсаңар көк камаз ак камаз ал була деп.ошол эле колуңардан келет окшойт
0
AKTILEK89
2017-11-07 00:35:56
Саат алтыдан бери турамго тунку саат 1болду нейтралкага жетелекмин машинада балдарым бар ..коп алдай бербегиле жабык дагы деле
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан