Асылбек Жээнбеков 1-июнь - Балдарды коргоонун эл аралык күнү менен кыргызстандыктарды куттуктады

Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбеков, 31-майда кыргызстандыктарды 1-июнь - Балдарды коргоонун эл аралык күнү менен куттуктады. Куттуктоодо мындай деп жазылат:  

 

"Урматтуу мекендештер! Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарынын атынан бардык балдарды бактылуу балалык майрамы – Эл аралык балдарды коргоо күнү менен чын дилимден куттуктайм. Бул жеке эле балдардын майрамы эмес, алардын ата-энелери, тарбиячылар менен мугалимдер, камкорчулар менен демөөрчүлөр үчүн да өтө маанилүү күн болуп саналат.

Балдар – биздин эң башкы байлыгыбыз. Кайсы гана өлкө, кандай гана мамлекеттик түзүлүш болбосун, анын өнүгүү деңгээли калктын чабал катмарына, биринчи иретте балдарга жасаган камкордугуна жараша бааланат. Ошондуктан адамзаттын эң аялуу муунун бактылуу балалыктын баёо дүйнөсүнөн айырбай асыроо камын көрүүгө тийишпиз. Балдарга татыктуу таалим-тарбия берип, жетиштүү билим алуусуна көмөк көрсөтүп жаткан сиздерге ыраазычылык билдиргим келет. Балдарга камкордук көрүү жаатында күйүмдүү, түтүмдүү, кайрымдуу адамдардын арбын экени өтө кубандырат. Дагы бир ирет майрамыңар менен! Силерге чың ден соолук, бактылуу балалык, окууңарда ийгиликтерди каалайм!" 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан