Жети-Өгүз районундагы митингчилерди укук коргоо кызматкерлери кармап кетишти

31-майда саат 05:00 чамасында Жети-Өгүз районунда 100дөй митингчини укук коргоо кызматкерлери кармап кетишти. Бул тууралуу кармалгандардын бири, Саруу айылынын тургуну Темирлан Алдашев билдирди. Айтымында, кармалган балдар учурда Тамга айылында укук коргоо кызматкерлеринин курчоосунда турушат. “Учурда түшүнүк кат жаздырып жатышат. Ал эми Жети-Өгүз районунун тургундары аларды бошотуу максатында кайрадан чогулуп жатышат”,- деди ал. Эске сала кетсек, 27-майда Ысык-Көл облусунун Саруу айылынын жашоочулары 13 талап менен "Кумтөр" ишканасына кетчү жолду тосуп алышкан. Талаптардын бири - аталган аймакка оорукана куруп берүү. Себебин жергиликтүү жашоочулар “Кумтөр” ишканасы аймактагы элдин ден соолугуна терс таасирин тийгизип жатат" деп түшүндүрүшкөн алар. Ошондой эле алар боз үйлөрдү тигишип, талаптары аткарылмайынча ошол жерде болушарын билдиришүүдө.

 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан