Бүгүн, 31-майда Жети-Өгүз районундагы митингчилер акимчиликти басып алгандыгы тууралуу маалыматтар айтылган. Бирок мунун калп экендигин митингдин катышуучулары өздөрү билдиришти. Маалыматка ылайык, чогулган тургундар Жети-Өгүз районунун акими Жаныбек Дүйшөмбиев менен сүйлөшүү үчүн барышкан. “Акимчиликти басып алган жокпуз, аким менен кезигели дегенбиз, бирок ал элдин алдына чыкпай койду. Чогулган эл кайра Саруу айылына кетип бара жатабыз”,- дешти митингдин катышуучулары.