Жети-Өгүз районунун акимин туткунга алышкандыгы тууралуу расмий маалымат жоктугун премьер-министр билдирди

"Жети-Өгүз районунун акимин жана анын орун басарын туткунга алып алышты деген маалымат боюнча менде расмий маалымат жок”,- деди бүгүн, 31-майда маалымат жыйынында премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев. Айтымында, учурда ар кандай маалыматтар тароодо. “Мага жеткен маалыматтар боюнча, аким жана анын орун басары элдин арасында, алар менен иш алып барууда. Ал эми акимчиликтин мекемесин эч ким басып алган эмес. Болгону митингчилер эшиктерди жаап албоо керектигин айтышкан. Эгер жаап алсаңар, эшиктерди сындырабыз дешкен. Учурда акимчилик иштеп жатат, эшиктер ачык”,- деди өкмөт башчы. Ошондой эле бүгүн эртең менен 92 киши кармалганын, алардын кээ бири коё берилгенин кабарлады. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан