Башкы прокуратура Жети-Өгүз районундагы окуя боюнча кылмыш ишин козгоду

Жети-Өгүз районунда 30-май күнү болуп өткөн окуялар боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу бүгүн, 31-майда журналисттерге башкы прокурор Аида Салянова билдирди. Анын айтымында, кылмыш иши "имарат, курулуштарды басып алуу", "бейбаштык", "өз билемдик кылуу" беренелеринин негизинде козголду. Ишти Ысык-Көл облустук прокуратурасы козгоп, облустук милицияга тергөөгө жөнөткөнү белгилүү болду. Айта кетсек, митингчилер кечээ Тамга айылындагы "Кумтөр" алтын кенин иштеткен компаниянын подстанциясын өчүрүп салган болчу.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан