Парламенттеги “Ата Мекен” фракциясы Ысык-Көлдөгү
кырдаал боюнча УКМКнын
докладын бүгүн, 31-майда жабык эшик артында угат. Доклад берүү үчүн
УКМКнын өкүлү Жогорку Кеңешке келди. Айта кетсек, 27-майда Жети-Өгүз районунда митингге чыккандар өкмөткө 13 пункттан турган талап коюшуп, талаптар аткарылмайынча таркашпай тургандыктарын билдиришкен. Талаптардын ичинде Жети-Өгүз районуна бир катар социалдык мекемелерди куруп берүү, кен иштетүүдөн чыккан калдыктарды тез арада тазалоо жана башкалар бар.