Жалал-Абад. Мүмкүнчүлүгү чектелген балдар жана ата-энелердин "Мээрим" фондуна жардам көрсөтүлдү

31-майда Жалал-Абад шаардагы "Телтору" ат майданында 1-июнь - Балдарды коргоо күнүнө карата ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын жана ата-энелердин "Мээрим" фондуна жардам көрсөтүү иш-чарасы болуп өттү. Ага өкмөттүн облустагы өкүлүнүн орун басары Жумагүл Эгембердиева, вице-мэр Гүлзат Алимбаева жана башка мекеме-ишкана башчылары, ошондой эле ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын ата-энелери катышышты. Иш-чарага фонддун негиздөөчүсү, австриялык доктор Томас Вегеман да келип, балдарды ипотерапия жолу менен дарылап жаткандыгын айтат: "Ипотерапия - бул ат жаныбарынын жардамында дарылоо жүргүзүү. Кыргызстандагы жаш балдардын абалын көрүп, 2009-жылы "Мээрим" коомдук фондун негиздегенбиз. Ошол учурдан баштап балдарды ипотерапия менен дарылоону ишке ашырып келебиз. Буюрса, аттын жардамы менен көп балдар сакайып келе жатат. Учурда 120 миң сомго алынган ат балдардын басуу, кыймылга келүү жөндөмүн арттыруу үчүн кызмат кылууда". Иш-чарада өкмөттүн облустагы өкүлчүлүгү 20 миң сом акчалай жардам көрсөтсө, шаардык мэрия жана башка мекеме-ишканалар акчалай жана материалдык жардамдарын тартуулашты. Иш-чара мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын майрамдык иш-чарасы менен коштолду. 
Эскерте кетсек, "Мээрим" фондунда жалпысынан 65 бала бар. Ал эми өкмөттүн облустагы өкүлүнүн орун басары Жумагүл Эгембердиева эртеңки майрамга карата облус боюнча 9 интернатка жалпысынан 90 миң сом акчалай каражат бөлүнгөнүн билдирди. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан