Жети-Өгүз районундагы митингде 6 адам жаракат алып аймактык ооруканага кайрылган, алардын экөө Ысык-Көл облустук ооруканасына жеткирилди. Бул тууралуу бүгүн, 31-майда Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз катчысы Света Байтикова билдирди. Анын айтымында, саат 13:00гө карата 6 жарадар ооруканага келип түштү. “Анын ичинен эки жарандын көзүнө резина ок тийген. Алар аймактык ооруканадан Каракол шаарындагы Ысык-Көл облустук ооруканасына которулду. Калган төрт жарадар аймактык ооруканада. Учурда саламаттыкты сактоо министри Динара Сагынбаева Жети-Өгүз районунда жүрөт. Бишкектен атайын 10 дарыгерден турган топ түзүлүп, алгачкы жардам көрсөтүү үчүн Тамга айылында иш жүргүзүүдө. Каза болгондор жок”,- дейт Байтикова.