“Кандайдыр бир кишилер Кыргызстандагы абалды оорлоштурууга аракет кылышууда”,- деди депутат Эркингүл Иманкожоева бүгүн, 31-майда КСДП фракциясынын жыйынында. Айтымында, депутаттар митингчилерге барганда алар сүйлөшүүнү каалашкан эмес. “Биздин жаныбызга келип балдар сүйлөшөлү дешсе балдар ат менен кууп, биздин сүйлөшүүбүзгө жол беришкен жок. Депутаттарды чакырып алып же укпаса. Биз барганда бир баласы 50 метр алыстыкка барып, телефон менен бирөө менен сүйлөшүп жатты. Депутаттар менен сүйлөшпөгүлө деген буйрук алышты окшойт. Уюштуруучулар Бишкекте отуруп алып буйрук беришти окшойт. Жаш балдарды астыга салып, уюштуруучулардын өздөрүнүн башында турбаганы - уятсыздык. Биз азыр өрттөнөбүз, ата-энемди кечтим дегендери да болду”,- деди эл өкүлү.