Тайырбек Сарпашев: "Кыргызстандын башка облустары учурда тынч"
Бүгүн, 31-майда
вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев КСДП фракциясынын жыйынында Кыргызстандын
башка облустары учурда тынч экендигин билдирди. Айтымында, Жалал-Абад облусунда
гана 30га жакын киши чогулган. “Жалал-Абадда ушул иштен пайдаланууну
каалагандар болду. Бирок андан майнап чыкпайт”,- деди Сарпашев. Ошондой эле жергиликтүү
уюштуруучулардын аттары белгилүү экендигин билдирди. “7 жаранга эскертүү
берилген. Бирок иликтөө укук коргоо органдары тарабынан жүргүзүлүп жатат. Алар
мыйзам алдында жооп беришет”,- деди ал.