Депутат Галина Скрипкина: "Азимбек Бекназаровдун митингге тиешеси барбы же жокпу?"
Бүгүн,
31-майда КСДП фракциясынын жыйынында депутат Галина Скрипкина 13-майда эле
митинг тууралуу маалыматтар болгонун, анда коомдук ишмер Азимбек Бекназаровдун
аты айтылганын билдирди. “Эмнеге Бекназаровдун фамилиясы айтылган? Бул жерде
кандай дал келүүчүлүктөр болушу мүмкүн? Губернатор эмне кылып жатат? Бул митинг
анын күнөөсү. Ал иштеши керек болчу”,- деди эл өкүлү. Өз кезегинде вице-премьер-министр Тайырбек
Сарпашев сүйлөшүүлөр жүрүп жаткандыгын белгиледи. "Митингге кимдин тиешеси бар, уюштуруучулар кимдер, сөзсүз такталат",- деди Сарпашев. Ошондой эле Ысык-Көлдө эс
алууну каалаган туристтердин 70 пайызы эс алуу жолдомолорун кайрадан туристтик
фирмаларга кайтарып берип жатышкандыгын билдирди.