Жалал-Абадда митингчилер бастырып киришкен облустук администрацияны коргоого алуу үчүн жеңил унаалар менен таштар ташылып келүүдө
Жалал-Абад шаарындагы аймактык кабарчыбыз Гүлжан Эшбаеванын айтымында, кечки саат 19:30га карата митингдин катышуучулары бастырып киришкен облустук администрациянын имаратын коргоого алууга кам көрүүдө. Анда жеңил унаалар менен майда таштар алынып келинип, обладминистрациянын аймагына төгүлүп жатат. Ошондой эле митингдин уюштуруучулары катышуучуларды тарап кетпөөгө чакырып, аларга тамак-аш да таркатылып жатат. Ал эми иш ордунан куулуп чыккан Жалал-Абаддагы өкмөттүн өкүлү Жусубалы Төрөмаматовдун кабинетинде кары кишилер отурушат. Анын эл алдында чыгып сүйлөөсүнө жол берилбей, учурда өкмөттүн өкүлү менен байланышка чыгуу мүмкүн эмес болууда. Митингдин катышуучулары "губернатор кызматынан кетүү боюнча арызга кол коюп берсин" деп талап кылышууда.