“Күмтөрдөгү” митингчилердин айрым талаптары эки аптанын аралыгында аткарыла баштайт". Мындай билдирүүнү экономика министри Темир Сариев 31-майда КСДП фракциясынын жыйынында айтты. Айтымында, Балыкчы - Тоң унаа жолун 2 аптанын ичинде оңдоп-түзөө башталат. Мындан сырткары ал Жети-Өгүздөгү митингчилер аябай оор, олуттуу талаптарды коюп жаткандыгын кошумчалады. “Мисалы, алар райондук ооруканага деп сурап жаткан аппараттар республика боюнча үч эле жерде бар. Өтө кымбат, өлкө бюджети көтөрө албай турган каражаттар. Ал эми мектептин оңдоосу өкмөттүн программасына киргизилген, биз бул пландарды ишке ашыруу үчүн иштеп жатабыз”,- деди министр.