Жети-Өгүз районунун коменданты, ички иштер министринин орун басары Бактыбек Жусубалиевдин айтымында, аймакта абал туруктуу. "Кумтөргө" электр жарыгын берүү боюнча митингчилер менен сүйлөшүү жүрүп жатат, учурда "Тамга" подстанциясында бир дагы милиция кызматкери жок. Айта кетсек, бүгүн кечке маал митингчилер кайрадан аталган ишканага берилчү жарыкты өчүрүп салышкан. Айта кетсек, бүгүн, 31-майда президенттин буйругу менен Жети-Өгүз районуна өзгөчө кырдаал киргизилди.