"Кумтөр" алтын кенинин иши убактылуу токтотулду. Бул тууралуу бүгүн, 31-майда аталган компаниянын коомчулук менен байланыш бөлүмүнүн жетекчиси Сергей Дедюхин билдирди. Анын айтымында, электр энергиясынын өчүрүлүшүнөн улам иш токтоду. “Кумтөрдүн" иши азырынча токтотулду. Мүмкүнчүлүк жаралса эле компаниянын бардык кызматкерлери кен казган жерден түшүшөт”,- деп кошумчалады Дедюхин.