Жети-Өгүздөгү тополоңдун айынан Ысык-Көлдө эс алгысы келген орусиялык туристтердин 70 пайызы өлкөгө келүүдөн баш тартышы мүмкүн экендиги айтылды
Жети-Өгүз районундагы "Кумтөргө" тийиштүү окуялар өлкө капчыгына 1,4 миллион долларлык зыян алып келди. Бул маалыматты КСДП фракциясынын 31-майдагы жыйынында вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев билдирди. Сарпашев "Кумтөрдүн" иши 2 аптага токтосо, мамлекет 70 миллион доллар чыгаша тарта турганын айтты. Ошондой эле ал Ысык-Көлдөгү быйылкы туристтик сезон да жыргатпай турганын билдирип, Ысык-Көлгө алдын ала жолдомо буйрук кылган Орусиядагы туристтердин 70 пайызы аталган жолдомолорун алуудан баш тартышы мүмкүн экендигин эскертти.