Жети-Өгүздөгү абал тынчыгандан кийин күнөөлүүлөр өз жазасын алат. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз катчысы Жоробай Абдыраимов бүгүн, 1-июнда билдирди. “Учурда митингди уюштурган адамдар боюнча иш жүрүп жатат. Алардын ичинде мурда соттолгон адамдар да бар экени ал маалым. Жети-Өгүздөгү абал тынчыгандан кийин күнөөлүүлөр өз жазасын алат, эгерде алардын айыбы далилденсе”,- деди ал. Анын айтымында, учурда Жети-Өгүз районунда абал жакшы. Ал жерде өкмөт башчысы менен биргеликте ИИМдин кызматкерлери да бар.