Бүгүн, 1-июнда Жети-Өгүз районундагы Саруу айылында чогулган эл менен премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев жолугуп жатат. Анда өлкө башчысы элдин талабын угуп, “Кумтөр” ишканасы боюнча козголгон маселени 1 айда чечип берерин, мындан сырткары аталган райондогу элди атайын медициналык топ түзүлүп, ден соолугун көзөмөлгө аларын билдирди. Мындан кийин митингдеги активисттердин бири Жети-Өгүз райондук кеңешинин депутаты Эрмек Жунусбаев “Биздин 18 талабыбыз 3-июндан баштап аткарыла баштабаса, биз митинг уюштурууну токтотпойбуз. Анткени биздин маселе 20 жылдан бери чечилбей келген”,- деди ал. Кабарчыбыз Айзат Анарбекованын айтымында, өкмөт башчысы менен бирге барган депутат Эркин Алымбеков митингдин чыгышына мурдагы губернатор Мирбек Асанакуновдун президент менен премьерге туура эмес берген маалыматы себеп болгон.