Жети-Өгүз районундагы Саруу айылында уланып жаткан митингге Нарын облусунун жаштары келишкенин аймактык кабарчыбыз Айзат Анарбекова билдирди. Нарындыктар Темир Сариевдин "Кумтөрдүн" зыяны Нарынга тийип жатат” деген сөзүнө нааразы экенин айтышты. “Нарындыктар саналуу эле калк келдик, аркабызда эч кандай күчтөр жок” деп билдиришүүдө.