Өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев 1-июнда Ысык-Көл облусунун жергиликтүү тургундары менен жолугушуунун жүрүшүндө бир апта ичинде дубандын социалдык-экономикалык көйгөйлөрүн чечүү боюнча биринчи кезектеги чаралардын планы иштелип чыгары белгилүү болду. Аталган план милдеттүү түрдө облустун жашоочулары менен макулдашылат жана планды каржылоо Ысык-Көл облусун Өнүктүрүү фондунун эсебинен ишке ашат. Кошумчалай кетсек, премьер-министр белгилегендей, облусту Өнүктүрүү фондунун Байкоочу кеңешинин курамы кайрадан каралмакчы.
«Фонддун акчаларынын кайда жумшалышын эми эл көзөмөлдөйт. Учурда "Кумтөр" ишканасынын кызматкерлеринин 95 пайызы Кыргызстандын жарандары. Бул көрсөткүчтү акырындык менен 99 пайызга көтөрүү мүмкүн. Биз азыркы тапта талаш маселелер боюнча «Centerra Gold Inc.» компаниясынын жетекчилиги менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатабыз. Ал маселелер Кыргызстандын пайдасына чечилет деп ишенем. Бул үчүн убакыт гана бергиле. 3 айдын ичинде бул маселени чечүү мүмкүн эмес», - деди Ж.Сатыбалдиев.