31-май күнү Жалал-Абаддын обладминистрациясына бастырып киришкен митингчилер дале акимчиликтин ичинде отурушат. Ички иштер министринин орун басары Курсан Асанов кечээ, 1-июнда Жалал-Абад шаарына келип, мэриянын имаратында облус башчысы Жусубали Төрөмаматов жана митингчилерден түзүлгөн аксакалдар менен сүйлөшүү жүргүзгөн болчу. Анын жыйынтыгында Жусубали Төрөмаматов өзү митингчилердин талабын президентке жеткирүүгө уруксат берүүсүн суранып, митингчилерден турган 4 аксакал менен кечээ Бишкек шаарына жөнөп кетишкен. "Өкмөттүн өкүлү Жусубали Төрөмаматов акимчиликтин 2-3-кабаттарына тийбешибизди суранды. Анда мамлекеттик деңгээлде керектелүүчү документтер жана кымбат баадагы компьютерлер бар экенин айтып, бөлмөлөрдү печаттап коюу керектигин айтты. Биз макул болдук, эч нерсеге тийбейбиз жана бир адамдын да башы жарылбайт",- деп айтты Камчыбек Ташиевдин иниси Шайырбек Ташиев.
Бүгүнкү күнгө карата акимчиликтин 3-кабаты бошотулган, 2-кабатта айрым кабинеттердин гана эшиги бекитилген, ал эми коридорунда кары энелер дале отурушат.