Бүгүн, 2-июнь күнү Жалал-Абад шаарындагы 31-майда болуп өткөн окуя боюнча, УКМК кылмыш иштин алкагында Медер Үсөнов Бишкекке жеткирилди. Ведомствонун маалыматына таянсак, өзүн "Жалал-Абаддын губернаторумун" деп жар салган Медер Үсөнов 1972-жылы Жалал-Абад облусуна караштуу Сузак районунда туулган. Кылмыш иши Жалал-Абад облустук прокуратурасы тарабынан козголуп, ага бийликти күч менен басып алуу жана конституциялык курулушту күч менен өзгөртүүгө чакыруу беренелери боюнча айыптар коюлууда.
Учурда Медер Үсөновдун катышуусу менен тергөө иштери жүргүзүлүп жатат.