Жалал-Абад. Ош-Бишкек жолунун тосулган жеринде 1000дей унаа токтоп турат

Жалал-Абаддагы митингчилер тоскон Ош-Бишкек жолунун Барпы айыл аймагындагы бөлүгүндө 1000дей унаа токтоп турат. Митингчилердин саны кечиндегиден көп, аймакта милиция кызматкерлери кырдаалга көз салып турат. Бүгүн митингчилер менен сүйлөшүү улана тургандыгын шаар жетекчилиги кабарлады. Ал эми нааразы тараптын талаптары мурдагыдай эле, камактагы "ата журтчу" депутаттарды жана УКМК тарабынан кармалган Медер Үсөновду бошотуу. Алар 2-июнда кечинде аталган трассаны тосуп, жолдун чок ортосуна 2 боз үй тигишкен. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан