Жалал-Абад: Митингчилер бир чечим кабыл алынмайынча таркашпай турганын айтышууда

"Бийлик тарабынан биздин талаптар боюнча бир чечим кабыл алынмайынча жолду эч качан ачпайбыз",- дейт Жалал-Абаддагы митингдин катышуучуларынын бири Шайырбек Ташиев. Айтымында, учурда чогулгандар жогорку бийлик жетекчилигинен бир жооп күтүүдө. Кечээ, 2-июнда Ош-Бишкек жолунун Барпы айыл аймагындагы бөлүгү тосулуп, андан бери бир да унаа өтө элек. Азыр ал жерде "ата журтчулардын" тарапташтары, укук коргоо кызматкерлери жана жолдон өтө албай жаткан жүргүнчүлөр турушат. Болжол менен 2 миңдей киши бар.   
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан